При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Ат-Башыдагы мал базарда бодо малдын баасы кескин көтөрүлдү (фото)

Turmush -  Ат-Башыдагы мал базарда бодо малдын баасы кескин көтөрүлдү. Бул тууралуу соодагер Сталбек Түмөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бээлер 45 миң сомдон 60 миң сомго чейин, кунан, быштылар 36 миңден 47 миң сомго чейин бааланып жатат.

«Музоолор 15-16 миң сом, уйдун баасы 25 миң сом, музоолуу уйлар 55 миң сомго чейин, букалар 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин, топоздордун баасы 45 миң сомдон 50 миң сомго чейин болуп жатат. Топоздун мамалагы 15 миң сомдон 20 миң сомго чейин, 2 жашка чейинкилери 25 миң сомдон 40 миң сомго чейин бааланууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3523
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×