Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Ардактуу эс алуудагы чек арачы Арпа өрөөнүнөн киши кийиктин изин кездештирген (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун адам буту баспаган аймактарында киши кийик жашайт деген аңыз кептер айтылып келет. Буга байланыштуу реалдуу окуялар тууралуу Нарын облусундагы чек арачылардын ардагерлер кеңешинин төрагасы, ардактуу эс алуудагы чек арачы, бир нече сыйлыктын ээси Жаныбек Асанов айтып берди.

«2001-жылдын июль айында Баткен окуясынан өлкө дүрбөлөңгө түшүп турган. Ар кайсы жерде куралдуу топтор жашырынып жүрөт деген айың кептер көбөйүп, анын баарын текшерип чыгууга туура келчү. Ошондой күндөрдүн биринде "Арпада куралдуу согушкерлер жүрөт. Өрөөндүн Кара-Кулжа менен Фергана тоо кыркасы чектешкен жеринде мылтыкчан, ат минген, сакалчан адамдар жүрүптүр" деген маалымат түштү. Аны текшерүү үчүн Нарын чек ара аскердик бөлүктүн ыкчам ишмердүүлүк бөлүмүнөн (чалгынчылар) полковник Сыдыков, майор Турдакунов, капитан Сартов, айдоочу М.Мамытов жана ага кошулган улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте атайын топ жөнөп калдык. 

Болжогон жерге багыт алып, Арпа суусунун жээгиндеги Кептеш, Миң-Бугу деген жерге өргүү алдык. Түнкүсүн эмнегедир абдан тынчыбыз кетти. Аттар түнү менен кошкуруп, кишенеп тынчы кетти. Арабыздагы айрымдарга чоң суунун аркы өйүзүнөн жапайы бакырган үн да угулган.

Эртең менен биз тараптан 100 метр ары жактан сунун жээгинен аркы өйүзгө өткөн белгисиз чоң жаныбардын изи жаңы түшкөнүн майор Турдакунов көрдү. Бирок, балдарды чочутуп албоо үчүн аларга айткан жокпуз. Ал из мурунку күнү жок болчу. Издин узундугу 45 см, манжалардын узуну 25 см, туурасы 22 см, согончоктун туурасы 15 см экен. Топурактын катуулугуна карабастан жерге бут 2,5 см батып кеткен. Бул белгисиз жаныбардын абдан салмактуу экенинен кабар берет. Изди көргөндөн кийин балдарга айтпастан тозотту көздөй 20 чакырым жылып, кийинки түнү ошол жерге түнөдүк. Баягы куралчан согушкер дегенибиз браконьерлер экен.

Кийинки жылы да ошол тарапка чалгындоо иштери менен барсак, ошол из дагы эле сакталуу экен. Сүрөткө тартып алдык. Арпанын топурагы абдан нык, шор жана катуу келгендиктен түшкөн из эч бузулбай сакталып калыптыр.

Муну убагында айтып чыгалы десек жетекчилик айтууга тыюу салган. Себеби, илимий түрдө далилденбегендиктен чек арачылар шылдың болуп калышыбыз толук мүмкүн эле.

Ошондон кийин мен киши кийик темасына абдан кызыгып калдым. Алар тууралуу маалымат абдан көп экен. Айрым басылмаларда аларды "йети" деп атап келишет. Алар Кытайда, Канадада, Сибирде бар экени айтылып келет. Сибирдеги ушул сыяктуу жандыктын изинин сүрөтү менен салыштырсам, так эле бизге кездешкен жандыктыкына окшош экен. Кытайда да видеокаттоого тартылып калган. Йетилердин, бизче киши кийиктин телепатиялык сезими күчтүү өнүккөнү айтылат. Ал жүргөн жердеги башка жаныбарлардын тынчы кетет дешет.

Буга чейин да Арпа тоолорунда киши кийик бар экенин аксакалдардан көп эшиттим. Биздин тоо кыркалар Фергана тоо кыркасына кошулуп, андан Гималай, Гиндикушка чыкса болот. Гималай жакта йетилердин бар экени басма сөз беттеринде байма-бай жазылып келет. Булар мигранттар болушу толук мумкүн», - деп сөзүн аяктады мурдагы чалгынчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11368
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×