Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн жетекчилиги батирлерди суткасына ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга нааразы болгондор менен жолугушту (фото)

Turmush -  Каракол шаарында батирди суткага ижарага бергендер өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары менен жолугушту, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Өкүлдүн орун басары Дамир Моңолдоров көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди жана турак жайларды саатына жана суткасына мейманкана катары ижарага бергендерге айып пул салуу тууралуу кабыл алынган мыйзамга каршы болуп, нааразычылык акциясына чыккан жашоочуларды кабыл алды.

Жолугушууда жашоочулар Ысык-Көлдүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышты. Д.Моңолдоров Каракол шаарынын жашоочуларына өкүлчүлүктүн аппараты аткаруучу орган экенин жана мыйзам парламент тарабынан кабыл алынарын түшүндүрдү.

Ошондой эле, ал жарандардын сунуштары эске алынып, парламенттин аппаратына жиберилерин белгиледи. Каракол шаарынын жашоочулары президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө жазган каттарын калтырышты.

Президент А.Атамбаев көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди жана турак жайларды саатына жана суткасына мейманкана катары ижарага бергендерге айып пул салуу тууралуу мыйзамга 2016-жылдын 30-декабрында кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2921
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
nuri_kg
15:03, 10 января 2017
КР Президенти А. Атамбаега жана Жогорку Кенештин депутаттарына Аллах ыраазы болсун. Турак үйлөрдү суткасына ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамды колдойбуз. Кошунам Каракол шаарынын тургуну Назира Абдраева квартирасын күнүгө ар түрдүү адамдарга ижарага берип үйүн бордель кылчу. Ыйлаган , уйкусуз отурган, конок келсе уялган күндөрүбүз болду.Турустерге берем деп жон эле байкуш болуп коюптур, булардын эмнеге акчасы жок, бекер жашоого конушкон да. Милиция органдарына бир нече жолу кайрылганбыз алар патенти бар экен , эч нерсе кыла албайбыз деген гана жооп беришкен. Бул иш тууралу 1 ай мурун КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин сайтына кат жазгам, мындайлар көп болуп кетти, жакында мыйзам чыгат, Жогорку Кенешке да кат жазгыла деген жооп алгам. Кошунам ушул ишин таштасын деп мечитке да барып садака салган күндөрүбүз болду. Эгерде ушул мыйзам күчүнө кирсе Алмазбек Атамбаевга батамды берем.
Көп окулду
×