Бөлүмдөр
Жума, 20-январь

При поддержке MegaCom

Нарын шаарынын мэрине талапкерлер 10 күндүн ичинде көрсөтүлөт

Turmush -  Нарын шаарынын мэрин шайлоо күнү шаардык кеңештеги депутаттарга мандат тапшырылгандан кийин белгилүү болот. АШК жаңы шайланган депутаттардын тизмесин жарыялап, мандаттар эртең, 10-январда тапшырыла турганын билдирди. Маалыматта айтылгандай, мандаттар тапшырылгандан кийин мэрге талапкерлер 10 күндүн ичинде көрсөтүлөт.

Учурда мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Суранов аткарып жатат. Мурунку мэр Рахат Адиевдин мэр кызматындагы мөөнөтү аяктаганы маалымдалган.

Р.Адиев менен биринчи вице-мэр А.Суранов Нарын шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо КСДП партиясынан талапкер болушкан. Нарын шаардык кеңешке жаңы шайланган депутаттардын тизмесинде Р.Адиев бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1543
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат