Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-январь

При поддержке MegaCom

Нарын шаарынын тургундары бир жумадан бери сатып алууга көмүр издеп убара

Turmush -  Нарын шаарынын тургундары кычыраган суукта көмүрсүз калышты. Бул тууралуу аталган шаардын жашоочусу Касымбек Саманчиев аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, күн сайын мүшөктөп көмүр алгандар учурда отунсуз калышкан.

«Бир жумадан бери шаардын аймагында сатып алууга көмүр жок. Жергиликтүү бийлик кампада көмүр ашып-ташып жатат дешет. Кампага барсаң көмүр таппайсың. Жергиликтүү бийлик эмне үчүн элди алдап, жогору жакка башкача отчёт беришет? Сырттан көмүр келбей калды», - деди К.Саманчиев.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү шаардын аймагында үч жерге кампа ачылып, учурда көмүр отуну тартыш болуп жатканын билдирди.

Ал эми, Кара-Кече көмүр кени 15-январдан тарта көмүр өндүрө баштай турганын «Кыргыз көмүр» ишканасынын Кара-Кече филиалынын жетекчиси Т.Ашыров билдирди.

«Кара-Кече тазалоо иштерине байланыштуу 24-декабрдан баштап жабылган. Азыр да тазалоо иштери жүрүп жатат. 15-январдан тарта иш башталат»,- деди Ашыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1714
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
bagira_bk
09:34, 11 января 2017
эл да кызыктайбыз да, качан кана суук тушекондо комур издеп калат. Буга чейин базарларда толтуура жыйылып турса, анан эл албаса, тигил сатуучу деле башка жакка барып сатып ийейин деп калат да. Суук Нарында биринчи жолу болуп аткан жок. Элдин отуну, комуру болгон учун январга чейин камырабай жатты да. анан качан чычаарда керек болот да.
Нет аватара
moison
08:28, 11 января 2017
Кулбараков Автандилдин көмүрү Демилге ЛТД күйгөн көмүр бекен өзү? Акталаа СДПКны жыршатып жаткансыйт)))
Нет аватара
altyke78
14:52, 09 января 2017
Кулбараковдукунан камаз камаз кылып ташып жататко Ат-Башылыктар. Нарындын комур тарткан балдары ал жактан эмнеге алып келбей жатат
Көп окулду
Эң кызыктуу