Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

Айыл турмушу: Ала-букалык ветеринар А.Иманалиев «симментал» породасындагы уйларды, куйруктуу «гиссар» койлорун көбөйтүүдө (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын тургуну Артык Иманалиевди мыкты ветеринар катары айыл эли өзгөчө урматташат.

Мал чарбасы менен алек болгон айыл тургундары ар дайым Артык Иманалиевдин камкордугуна муктаж. Ал 35 жылдан бери ветеринар болуп эмгектенип келет.

«1981-жылы Кыргыз агрардык институтунун ветеринария бөлүмүн аяктап, туулган жериме келип иштеп калдым. Бул кесиптин артынан көп ийгиликтерге жетиштим. Министрлердин, райондун акимдеринин Ардак грамоталарын алдым. Өзүмө кесибим жагат. Ооруп турган мал-жандыктарды дарылап, рахат алам. Мал-жандыктар да адамдын камкордугуна муктаж. Учурда Актам айыл өкмөтүндө ветеринардык инспектор болуп эмгектенем. Айыл өкмөттөгү мал-жандыктардын ден соолугуна жооптубуз. Тиешелүү дарылоо иштерин убагында жүргүзөбүз. Азырынча биздин аймакта мал-жандыктардын оорчундуу жугуштуу оорусу каттала элек. Айыл эли чакыртып, сыркоолоп калган малдарын дарылатышат», - деди ал.

Андан сырткары, А.Иманалиев кара малды жасалма уруктандыруу менен да алектенет. Айыл ичине ветеринардык пункт ачкан.

«Биз кара малды жасалма уруктандыруу үчүн уруктарды чоң түйшүк менен борбордон алдырабыз. Келген уруктарды азотто сактоо да түйшүктүү иш. Эми жеңилирээк жолун карап жатабыз. Бир уйду жасалма уруктандырууга 1200 сом акча алабыз, кепилдик берилет. Эгер болбой калса кайра башынан акысыз жасалат», - дейт ветеринар.

Элдин мал чарбасын көзөмөлдөгөн киши з короосундагы малды да жакшы карап, айрым эксперименттерди алгач өзүндө жүргүзөт. Эт жана сүт багытындагы «симментал» породасындагы уйларды, куйруктуу «гиссар» койлорду багууда. Учуру келгенде алардын санын көбөйтүүнү пландоодо.

Андан сырткары багбанчылык менен да алек болуп, алма бактардын аянтын көбөйтүүдө. Тянь-Шань карагайын да көбөйтүүнү колго алган. Байбичеси экөөбү төрт кыз, бир уулду чоңойтушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3000
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
erkin999
12:52, 10 января 2017
не "сментал", а симментальская порода крс
Эң кызыктуу
×