Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Кара-Көл шаардык кеңеши К.Үмөтовду төрага кылып шайлашты (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаардык кеңешинин 7-чакырылыштагы депутаттары кечээ, 6-январда алгачкы сессиясын өткөрүп, төраганы жана анын орун басарын шайлашты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Үмөтов Каныбек Асранбекович (КСДП) шаардык кеңештин төрагасы болду, деп билдирет Тurmush басылмасынын кабарчысы.

К.Үмөтов

IMG-20170107-WA0016

Ошондой эле, сессияда төраганын орун басары болуп К.Батыркулов шайланды. Кечээки сессияга шаардык кеңештеги 31 депутаттын 23ү катышып, төрөга менен анын орун басарынын талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Сессиянын жүрүшүндө «Энергетиктер», КСДП жана «Республика — Ата Журт» фракциялары биригип, «Ынтымак» коалициясын түзүштү. Бул фракцияда 23 депутат бар. Коалициянын лидери болуп Т.Эстебес уулу бекитилди.

Андан тышкары, күн тартибинде жаңы шайланган депутаттарга убактылуу күбөлүк тапшыруу, жаңы түзүлгөн фракцияларды жана анын лидерлерин жарыялоо, шаардык кеңештин регламентин бекитүү маселелери каралды. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2802
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу