При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 21-июль
68.85    79.36    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: Баткендик 16 жаштагы Дастан «Робот сапер» жасап, эми мотоцикл курап жатат (видео)

Turmush -  Баткен шаарындагы 16 жаштагы Дастан Абдимажитов физикага кызыгып, ар кандай техникаларды жасап келет. Аймактык кабарчы жаш уста менен таанышты.

Анын айтымында, буга чейин 3 техника жасады. Алардын биринчиси «Шамал, күн жана суу» деп аталса, экинчиси «Робот сапер» болгон. Учурда мотоцикл курап жатат.

«Мен бул долбоорлордун барын өз кызыгуум менен жасап келем. Эң алгачкы «Шамал, күн жана суу» деп аталган долбоорумду 8-классымда жасадым. Бул долбоордун негизги максаты – шамал, күн жана суунун жардамы менен электр энергиясын алуу. Долбоордун макетин 2 жумада жасап, жалпысынан 2500 сом каражат жумшадым. Ушул долбоордун арты менен «Алтын түйүн» олимпиадасына катышып, 3-орунга ээ болгом.

Экинчи долбоорум «Робот сапер» деп аталат. Негизги максаты – жашыруун коюлган жардыргыч заттарды адамдын колун тийгизбей токтотуп, жардырууга жол бербөө. Ал атайын компьютер менен башкарылат. Аны аскердик жайларда колдонсо болот. «Робот саперду» 3 айдын ичинде жасап бүткөм. Ага жалпысынан 6 миң сомго жакын акча жумшадым.

Үчүнчүсү – мотоцикл жасап жатам. 2 жылдан бери толук аягына чыга элекмин. Булардын барын өзүм жасайм, эч ким жардам бербейт. Алган билимим жардам берет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле каражат жагынан колдогондор болсо жакшы болоорун белгиледи.

«Эгерде финансы жагынан жардам берүүнү каалагандар болсо каршы болбойт элем. Көп буюм жасайм, бирок акча жагынан тартыш болуп калат. Келечекте инженер болгум келет», - деди Дастан.

Жаш уста учурда Баткен облустук гимназия-жатак мектебинде 10-класста окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4015
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
aysha
12:37, 09 января 2017
Азамат!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×