Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

А.Атамбаев Кытайдын министри Г.Хучэн менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-январда Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Пекинде КЭРдин Коммерция министри Гао Хучэн менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы кытай министри Гао Хучэнге Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө, 2 өлкө элдеринин ар тараптуу байланыштарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн «Данакер» орденин тапшырды.

«Президент мырза жеке өзү тапшыра турган «Данакер» орденин алуу мен үчүн сыймык. Бул орден Кыргызстандын жетекчилиги жана эли тарабынан Кытайдын Коммерция министрлигинин ишинин бааланышы. Ошондой эле биздин өлкөлөр арасындагы соода-экономикалык кызматташтыктын жогорку деңгээлинин күбөсү. Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн биргелешип аракеттенип жаткан тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын эмгегинин үзүрү. Жогорку сыйлык бергениңиз үчүн сизге ыраазылык айтууга уруксат этиңиз», - деди Гао Хучэн.

Анын белгилешинче, президент Алмазбек Атамбаев менен КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин жеке көмөгүнүн аркасында кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык 2 өлкө элдеринин кызыкчылыктарына жараша өнүгүп жатат.

Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев эбегейсиз зор иши үчүн Кытайдын коммерция министри Гао Хучэнге алкыш айтты.

«Кытайдын Коммерция министрлигинин ишине жараша Кыргызстанда көп иштер жасалып жатканын биз көрүп жатабыз. Соңку бир нече жылда Кыргызстан менен Кытайдын өз ара мамилелери стратегиялык кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыкканында Гао Хучэн башында турган Кытайдын Коммерция министрлигинин эмгеги зор», - деди президент.

Президент Алмазбек Атамбаев менен коммерция министри Гао Хучэн ар кайсы чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду жана соода-экономикалык кызматташтыктын кеӊири спектри боюнча өз ара аракеттерди мындан ары арттыруу пландарын талкуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2227
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
16:17,   22.02.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×