Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Өкмөт Илимий гематология борбору менен Улуттук онкология борборун бириктирди

Turmush -  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун кайра уюштуруу маселелери жөнүндө» токтомго кол койду.  

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандагы гематология кызматын оптимизациялоо максатында Кыргыз илимий гематология борборун жана Улуттук онкология борборун бириктирүү жолу аркылуу кайрадан уюштурууну жүргүзүү зарыл. Эки борборду бириктирүү менен административдик-башкаруу персоналын камсыздоого кеткен чыгымды кыскартууга, ал эми үнөмдөлгөн каражаттарды бейтаптарды дарылоого багыттоого мүмкүндүк түзүлөт.

Кыргыз илимий гематология борборунун финансылык ишмердүүлүгүн талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, 2014-жылы 2006-жылга салыштырмалуу персоналды кармоого кеткен чыгым 7,6 эсеге же 13,2 млн сомго жогорулаган. Жалпы бюджеттеги персоналды кармоого кеткен чыгымдын үлүшү 40,7%дан 54,8%га жогорулаган. Кыргыз илимий гематология борборунун койкалык фонд ишинин натыйжалуулугун талдоодо аныкталгандай, фонд 88-90%га пайдаланылган.  

Мындан тышкары, кадрлардын агылуу көйгөйү бар, борбордун имараты онкологиялык оорулууларга сапаттуу көмөк көрсөтүүгө ыңгайлашкан эмес. Медициналык жабдуулар жетишсиз, онкогематология бөлүмү химиялык терапия өткөрүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп бербейт. Буга байланыштуу эки борборду бириктирүү тууралуу чечим онкологиялык, онкогематологиялык ооруларды жана кан оорулары менен жабыркагандарга жогорку сапаттагы медициналык көмөк көрсөтүүдө ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

Мындан ары Улуттук онкология борбору Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору деп аталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2057
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу