Бөлүмдөр
Жума, 20-январь

При поддержке MegaCom

Исфана шаардык кеңештин төрагасы болуп банктын бухгалтери шайланды

Turmush -  Исфана шаардык кеңешинин төрагасы болуп Бакытбек Тагаев шайланды. Бул тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кочкорбай Сатаров билдирди.

Маалыматка караганда, төраганы шайлоо кечээ, 4-январда өтүп, «Республика - Ата Журт» партиясынан талапкер Бакытбек Тагаев 17 добуш менен жеңип чыкты. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан талапкер болгон Абдирашит Амиров 14 добуш алган.

42 жаштагы Бакытбек Тагаев буга чейин «Айыл банкта» башкы бухгалтер болуп иштеп жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2006
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
17:41,   20.01.2017   ( 6 адам окуп жатат)