При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.3    79.59    1.15    KZT 0.21

Президент тышкы иштер министрин кабыл алды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-январда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын жүзөгө ашыруу боюнча Тышкы иштер министрлигинин 2016-жылдагы ишинин негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат алды. Ошондой эле, министр негизги чет элдик стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү боюнча быйылкы жылга карата пландар жана жогорку деңгээлдеги визиттердин жүрүшүндө жетишилген келишимдерди аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Президент менен министр өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын натыйжалуу илгерилетүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашап жана иштеп жаткан кыргызстандыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды активдештирүүгө багытталган Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын мындан ары карай өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1569
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:03,   25.07.2017   ( 67 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу