Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баткен

Айдаркен шаардык кеңешинин төрагасы болуп Ж.Алиев шайланды

Turmush -  Бүгүн, 5-январда Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык кеңешинин төрагасы болуп 55 жаштагы Жолдубай Алиев шайланды. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык кеңештин төрагалыгына «Ата Журт Мекенчил» партиясынан Жолдубай Алиев менен «Республика — Ата Журт» партиясынан Кимсанай Салиева талапкер болгон.

Жыйынтыгында төрагалыкка Ж.Алиев шайланды. Аны жалпы 21 депутаттын 12си колдогон. Ал эми К.Салиева 9 добуш алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2129
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×