Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 05.01.2017 11:16 На русском

Баткенде согуш ардагеринин электрге болгон карызын активист А.Калыгулов төлөп берди (фото)

Turmush -  Баткен районунун Паскы-Арык айылында жашаган согуштун 96 жаштагы жалгыз ардагери Мамат Исмановдун электр жарыгына болгон карызы төлөндү. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын жетекчиси Каламбек Маркаев билдирди.

Анын айтымында, аталган ардагердин карызын жабуу үчүн 20 миң 300 сом которулган. Электр энергиясы үчүн ардагерге салынган айып пулду Адилет Калыгулов аттуу активист төлөп берген. Адилет Калыгулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында аксакалдын карызын соопчулук үчүн төлөгөндүгүн жазды.

«Ардагер атабыз Мамат Исмановдун электр жарыгына болгон 20 миң 300 сом карызын төлөп койдум. Аяз ата курагында болбосом да анын баласы катары милдетимден кутулдум. Мен үчүн ошол атабыз алакан жайып батасын берип койсо чоң сооп. Сообу маркум Калыгул уулу Каныбек атакеме тийсин, арбагы ыраазы болсун», - деди А.Калыгулов.

Буга чейин ардагердин уулу Нурдин Исманов электриктер анын атасынын үйүнүн электр зымын мыйзамсыз кыркып кеткендигин кабарлаган.

«Мага эч кандай акт туурасында кагаз келген жок. 22-декабрь күнү текшерүүчү келип, электр жарыгына болгон бир айлык төлөм 1200 сом экенин айткан. Аны төлөгөм. Менде ар бир айда төлөнгөн дүмүрчөктөр (квитанция) бар. Бирок, текшерип келген бала ууру ток пайдаланасыңар деп үйүмдү тинтүүгө өттү.

Мен ууру ток жок экенин, алардын эсептегичти гана текшерүүгө акысы бар экенин айтып жаттым. Бирок ал электрик агрессивдүү сөздөрү менен коркутуп сүйлөп жатты. Кийин мага «акт түзүлдү 20 миң сом айып пул төлөйсүз, буга өзүңүз кол койгонсуз» деп келишти. Мен алар жазган акт тууралуу такыр маалыматым жок эле. Менсиз эле «баш тарттым» деп кол тамга коюп коюшуптур», - деген Нурдин Исманов. 

Электриктер болсо үй ардагерге эмес, анын баласына таандык экендигин, ал электр энергиясын уурдап жүргөндүгүн билдиришкен.

«Биз буга чейин көп жерлерди текшерип жүргөнбүз. Бирок мындай окуяга кабылган эмеспиз. Биз ал үйгө барганыбызда ал киши (ардагердин баласы Нурдин Исманов) бизге кол көтөргөнгө чейин барды. Кудай сактап, бизге карай ыргыткан кумганы тийбей калды. Ууру токту тактап, көрсөтүп жаткан учурубузда тана албай, ар кандай оозго алгыс сөздөрдү айтты. Бирок биз атайын далил катары видеого тартып алганбыз. Тартылган видео сакталып турат. Мындай көрүнүшкө Баткенде биринчи жолу кабылып жатабыз», - деген инспектор Нурлан Абдилазизов.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×