При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

Январда жаратылыш газы 1 тыйынга жогорулайт, - «Газпром Кыргызстан»

Turmush -  2017-жылдын январь айына карата элге 1 метр куб жаратылыш газы 14,48 сом деп эсептелди. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми өндүрүштүк мекемелер, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алуу менен 17,75 сом төлөнөт. Салыкты эске албаганда 1 метр куб жаратылыш газы 17,59 сомдон эсептелинет.

Жаратылыш газы 2016-жылдын декабрь айында эл үчүн — 14,47 сом, өндүрүштүк мекемелер, коммерциялык түзүмдөр жана жана бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алуу менен — 17,74 сом болгон. Сатуудагы салыкты эске албаганда 1 метр куб жаратылыш газы үчүн 17,58 сомдон төлөнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1432
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×