Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баракелде

Бишкектин мэрине талапкерлерди каттоо 4-январда аяктайт

Turmush -  Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы мэрликке талапкерлердин документтерин кабыл алууну 4-январда саат 18:00дө токтотот.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун айтымында, борбордун мэрин шайлоо 11-январда саат 10:00дө башталат. Шаар мэрлигине талапкерди шаардык кеңештин фракциялары, фракциялык көпчүлүк жана премьер-министр көрсөтө алат.

Буга чейин маалымдалгандай, шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция 31-декабрдагы отурумунда мэрдин милдетин аткаруучу Албек Ибраимовдун талапкерлигин бир добуштан колдогон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2461
Көп окулду
×