Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

А.Ибраимов — Бишкек шаарынын мэрине талапкер

Turmush -  Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция мэрликке Албек Ибраимовдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. Мындай чечим коалициянын 31-декабрдагы жыйынында кабыл алынган.

Көпчүлүк коалициянын лидери Алмаз Кененбаевдин айтымында, мэрдин милдетин аткаруучу А.Ибраимовдун талапкерлигин талкуулаган депутаттар бир добуштан колдоого алышкан.

Бишкек шаарынын мэри 11-январда шайланат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун айтымында, шаардык кеңештин мурунку чакырылышынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу мэр Албек Ибраимов кызматынан бошотулат. Шайлоого чейин А.Ибраимов шаар мэринин милдетин аткаруучу болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1554
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу