Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Жогорку Кеңешке Ч.Жакупованын ордуна Д.Төрөкулов депутат болуп келиши мүмкүн

Turmush -  Жогорку Кеңешке мандатын тапшырган депутат Чолпон Жакупованын («Бир Бол») ордуна Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович келиши мүмкүн. Бүгүн, 30-декабрда фракциянын катчылыгы маалымдагандай, Ч.Жакупованын ордун партиянын тизмесиндеги андан кийинки катарга жазылган мүчөсү ээлейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган тизмеде «Бир Бол» партиясынын №15 катарында Д.Төрөкулов, №16 катарда Амракулова Салима Номановна, №17 катарда Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович бар.

БШК Ж.Жакупова депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жазган арызга кол коюлганын бүгүн маалымдады.

Мурдараак Ч.Жакупова 11-декабрга белгиленген Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү деп табылса мандатын тапшыра турганын маалымдаган.

28-декабрь күнү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев добуш берген шайлоочулардын 80%ынын колдоосу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4025
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу