При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 22-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Бишкек шаарынын жаңы мэри январда шайланат

Turmush -  Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 11-январына белгиленди. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 30-декабрдагы жыйынында кабыл алды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов маалымдагандай, шаар башчылыгына талапкерди шаардык кеңештеги партиялар жана премьер-министр көрсөтөт.

Бишкек шаардык кеңешинин мурунку чакырылышынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу мэр Албек Ибраимов кызматынан бошотулат. Шайлоого чейин А.Ибраимов шаар мэринин милдетин аткаруучу болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3189
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×