При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Кыргызстанда батирди же турак жайды суткасына, саатына ижарага бергендер 70 миң сомго чейин айып төлөйт

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди жана турак жайларды саатына жана суткасына мейманкана катары ижарага бергендерге айып пул салуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 16-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — турак жайларды негизсиз колдонгондордун жоопкерчилигин күчөтүү.

Аталган мыйзамдын 487-беренесине (3) толуктоо киргизилип, көп кабаттуу батирлерди жана турак жайларды саатына жана суткасына ижарага берген жарандарга 7 миң сом, жоопкерчиликтүү кызматтагыларга 9 миң сом, юридикалык тараптарга 70 миң сом айып пул салуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3011
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×