При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

21 жаштагы Бегимай Олжобаева Баткен шаардык кеңешине депутат болуп шайланды (фото)

Turmush -  21 жаштагы Бегимай Олжобаева Баткен шаардык кеңешине депутат болуп шайланды.

Анын айтымында, тарыхчы мугалим жана экономист кесиптеринин ээси. Буга чейин бейөкмөт уюмдарда жана коммерциялык ишканаларда эмгектенген. Депутат катары шаардын тазалыгын сактоо жана аны көрктөндүрүүгө салым кошууну максат кылат.

Бегимай Олжобаева 1

«Мисалы коңшу Тажик Республикасынын Худжант шаарына барсаң таза, жайы-кышы жашыл жана кооз гүлдөргө оролгон. Баткен Худжант шаарына жакын эле жайгашкан. Эмне үчүн Баткенди да ошондой шаарга айлантса болбойт?

Ошондой эле, жаштар үчүн эс алуу жайлары жок. Сейил бактар таза эмес. Буюрса бул маселенин үстүндө иш алып барабыз. Мисалы учурда соода-сатык менен алектенгендер жана бизнесмендер көп. Ошолор менен сүйлөшүп, жаштар үчүн интернет порталдарды жана эс алуу жайларын ачса болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2812
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×