При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июль
68.3    79.59    1.15    KZT 0.21

Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы түзүлдү

Turmush -  Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 30-декабрдагы биринчи жыйынында көпчүлүк коалицияны түздү.

Көпчүлүк коалицияга КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» партиялары кирип, анын жетекчилигине Алмаз Кененбаев (КСДП) келди. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» партиялары оппозицияда калды.

11-декабрда өткөн шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, 7%дык чектен 5 партия өткөн.

Алар: КСДП - 13 мандат, «Республика Ата Журт» - 12, «Өнүгүү-Прогресс» - 8, «Мекеним Кыргызстан» - 7, «Кыргызстан» партиясы 5 мандат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2029
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу