
А.Рысбаевдин айтымында, баланы күчтүү дарыгерлерге көрсөтүүгө каражаты жок.
«Уулумду көргөзбөгөн жерим калбады. Чүйдөгү молдого көрсөткөндө башы бир аз кичирейип калды эле. Бирок толук натыйжа чыкпады. Азыр үйдө эле карап жатабыз», - деди ал.
2015-жылы Turmush басылмасы Рахманберди жөнүндө маалымат чыгаргандан кийин ага жардам катары президент А.Атамбаев тарабынан 100 миң сом берилген.
Буга катар эле KICB банкынын Таластагы филиалы эсеп ачып, коомчулук каражат которушкан. Алмазбек Рысбаев үй-бүлөсү менен чакан жер тилкеде дыйканчылык кылат. А.Рысбаев өзү унаасы менен таксист болуп акча табат. Рахманберди оорусунан улам сүйлөй албайт. Бирок тамактанып, үн чыгарып ыйлайт.
Баланын тагдырына кайдыгер карабагандар жана жардам берүүнү каалагандар 0702 49 32 30 телефон номуру аркылуу Рахманбердинин атасы Алмазбек Рысбаевге кайрылса болот.
Гидроцефалия — баш сөөк көңдөйүнө жүлүн суусунун толушунан пайда болгон балдар оорусу. Гидроцефалия адатта мээде жүлүн суусу ашык иштелгенде же сезгенүүдө, шишикте жана башка себептерден улам мээ карынчаларынан жүлүн суусу агып чыкчу тешик бүтөлүп калганда пайда болот. Гидроцефалия өөрчүү мезгилине жараша тубаса жана кийин пайда болгон болуп айырмаланат. Ооруну дарылоо үчүн баш сөөк көңдөйүндөгү жүлүн суюктугун жана денедеги сууну азайтуучу дарылар берилет. Оору күчөсө жүлүндөн суу алынат
(Банктагы эсептин номуру)