При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

Видео, фото — Ошту эң таза шаарга айланткан ишкана

Turmush -  «Ош-Тазалык» ишканасы таштандыларды ташып чыгаруу кызматын гана көрсөтүп келсе, 2015-жылдын март айынан тарта борбордук көчөлөрдү, жол жээктерин шыпырып, тазалоо кызматтары кошулду.

«Таза короо» долбоору ишке ашырылып, шаар дагы тазалана баштады. Тактап айтканда «Ош-Тазалык» мекемесинин жумушчулары көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын, короосун, тазалап, арыктагы чөптөрдү оруп, карай баштады. Мурда үйлөрдүн айланасын жашоочулар өздөрү тазалап, ишембиликтерди уюштуруп турса, эми бул жумуштар «Ош-Тазалык» мекемесинин жумушчулары тарабынан аткарылууда.

«Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Талант Капаров

тазалык544444

«Таза короо» долбоору 2016-жылдын март айында башталып, шаардын бардык аймагын камтыды. Ош шаарындагы 640 көп кабаттуу үйдүн короолору эртең мененки саат 08:00дөн тарта кечки 17:00гө чейин жумушчулардын көзөмөлүндө болот. Бул кызматтарды көрсөтүү акысыз.

Союз убагынан бери айлана-тегереги каралбай келген көп кабаттуу үйлөрдүн айланасынан бир топ таштанды, акыр-чикирлер чыкты. Ошондой эле, үйдүн алдындагы жашыл дарактар формага келтирилди. Быйыл жаз алды менен ар кандай чымын-чиркейлерди жок кылуу максатында көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы, короосундагы бак-дарактар актала баштады. Бул иштерди аткаруудагы эң башкы максат – шаардын кооздугун арттыруу.

Учурда Ош шаарынын борбордук жана ички көчөлөрүнүн тазалыгы «Ош-Тазалык» ишканасынын көзөмөлүндө. Шаарды тазалап, таштандылардан арылтууда техникалар чоң мааниге ээ. Ишкананын карамагында 56 техника бирдиги бар. Автопарктагы унаалардын көпчүлүгү эскилиги жеткен. Өз мөөнөтүн эбак эле өтөп бүткөн техникаларды кайра оңдоо менен абал жөнгө салынып жатат. 2014-жылдын башында ишкананын карамагында 40 техника бирдиги бар болсо, анын 28и гана иштеп турган. Калгандарынын тетиктери тонолуп, жараксыз абалга келген.

Көп жылдардан бери иштебей, бузулуп турган таштанды жүктөөчү атайын унаалар, автобус, тракторлор ишкананын өз эсебинен толук оңдолуп, пайдаланууга даяр абалга келтирилди. Жергиликтүү бийликтин колдоосу менен автопаркты жаңылоо аракеттери көрүлүп, мүмкүнчүлүккө жараша жаңы унаалар алынууда. Тактап айтканда, 2014-жылы 7 унаа, 2015-жылы 2 техника сатылып алынды.

Өткөн жылы 196 миң 412 абонент бар болсо, быйылкы жылдын 10 айында 222 миң 600 абонентке жетти.

Шаар тургундарына жеткиликтүү, сапаттуу кызмат көрсөтүү менен төлөмдөрдү чогултуу да жолго коюлууда. Экинчи борбор калаанын жолдору, үйлөрдүн короолору таза болуп, тургундар үчүн да жагымдуу жагдай түзүлүп, төлөмдөрдү да убагында төлөй баштады. Таштанды ташып чыгаруу кызматы үчүн 2014-жылдын башында 30 354,3 сом, 2014-жылдын этегинде 55 660,1 сом, 2015-жылы 79 850,6 сом чогулса, 2016-жылдын 11 айында 74 млн 457 миң 614 сом жыйналган.

Ишкананын дебитордук карызы 2014-жылы 55 693,1 сом, 2015-жылы 52 809,5 сом болсо, 2016-жылдын 1-декабрына карата 26 млн 35 миң 489 сомго азайды. Шаардык кеңештин жана мэриянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссиянын катышуусунда негизсиз эсептелген карыздар жоюлуп, айрымдарын кайра төлөтүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми төлөмдөрдү убагында төлөбөгөн абоненттер үчүн айына эки ирет атайын рейд өткөрүлөт. Аймактык кеңеш жана ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте төлөмдөрдү чогултуу жана шаар тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле, таштандыны урнага эмес, көчөгө таштаган жарандарга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айып салынат.

Жылдан жылга төлөмдөрдү чогултуунун көбөйүүсү менен «Ош-Тазалык» ишканасы өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдап алууга жетишүүдө. Имараттын сыртыда оңдолуп, өзгөрдү. Имараттын дубалдары көчүп, эшик-терезелери чирип калган болчу. Андан улам кызматкерлердин иштөөсү жана абоненттерге кызмат көрсөтүүгө ыңгайлуу шарт жок эле. Ушул жагдайлар эске алынып, жетекчиликтин демилгеси менен имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун жээктерине таштанды урналары орнотулду. Таштанды үчүн чакан үкөктөр алгач Курманжан датка, Ленин жана Масалиев көчөлөрүнө коюлду. Шаардын тазалыгын камсыздоо үчүн борбордук көчөлөргө 500 үкөк орнотулду. Алардын ар биринин аралыгы 50 метр.

Быйылкы жылдын жай айынан бери «Ош-Тазалык» ишканасынын жумушчуларына күн сайын 200 граммдан сүт берилип жатат. Ширетүүчү, айдоочу, жүктөөчүлөр жана таштанды талаасын караган жумушчулар оор иштерди жасап, саламаттыгына да терс таасир тийип жатканы эске алынган. Буга чейин аларга аткарган иштеринин зыяндуулугу боюнча кошумча акча гана төлөнүп келген.

Ишкананын дагы бир милдети – жолбун иттерди атуу. 2016-жылдын 11 айында 3375 жолбун ит атылды. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 1386 жолбун ит аз атылган. Себеби шаар ичинде жолбун иттердин азайганы байкалууда. Эки мергенчи автоунаа, күйүүчү май жана ок-дарылар менен толук камсыз болушкан жана тынымсыз иштеп жатат. Шаарда күн сайын таңкы саат 06:00дөн баштап 09:00гө чейин жолбун ит-мышыктарды атуу иштери жүрөт.

Таштанды ташталуучу талааны залалсыздандыруу жумуштары пландалган мөөнөтүндө аткарылып келүүдө. Мурда жылына төрт ирет залалсыздандыруу иштери жүрсө, акыркы эки жылдан бери жылына 8 ирет дезинфекциялоо иштери аткарылат. Ошондой эле, төгүлгөн таштандылар бульдозер менен күн сайын түртүлүп, тегизделип турат.

Кышкысын кардан арылтып, тазалоо үчүн «Ош-Тазалык» ишканасына Ак-Бууранын оң жээги, тактап айтканда Масалиев, Шакиров, Салиева, Турсунбаева, Райимбеков, Монуев, Тилеке баатыр көчөлөрү жана Амир-Темур аймагынын негизги жолдору бөлүнгөн. Кар жааган убакта аталган жолдорго түнкү саат 03:00дөн баштап жумушчулар туз, кум чачып, унаалардын жүрүүсүнө шарт түзүүдө.

Шаардын тазалыгын камсыз кылууга шаар тургундарынын көзөмөлүн күчөтүү максатында WhatsApp кызматы да кеңири колдонууга киргизилген. Аны менен ишкананын кызматкерлери калк арасында кандай иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу маалыматтарды алып, тиешелүү чараларды өз учурунда көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле, түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында шаар тургундарын тазалыкка, таштандыны атайын челектерге салуу жана таштанды ташып чыгаруунун акысын өз убагында төлөөгө үндөгөн 6 видеотасма даярдалып, жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүлүп жатат. Тазалыкты сактоого үндөө үчүн шаардын борбордук бөлүгүнө 6 баннер жана аялдамаларга ондон ашуун такталар да илинди.

Жамааттагы 433 адамдын биргеликте, тынымсыз, уюшумдуу иштеген аракетинин натыйжасында Ош шаары 2016-жылы «Өлкөдөгү эң таза шаар» деген наамга татыды. Ош таза шаар экенин белгилеген сырттан келген коноктор, борбордон келген бийлик өкүлдөрү, өлкө башчысы баш болуп мактоого алышты.

Ошондой эле, ОшТВ телерадиокомпаниясындагы жыл жыйынтыгын чыгарган элдик сурамжылоонун негизинде «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Талант Капаров «Мыкты жетекчи» деп аныкталды. «Эркин-Тоо» гезитинин тандоосу жана «Фейсбук» социалдык тармагындагы колдонуучулардын көп добушуна ээ болгон «Ош-Тазалык» ишканасы да «Мыкты ишкана» наамына татыктуу болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6885
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Mederbekovaais
19:18, 29 декабря 2016
Азаматсынар куну-туну дебей иштеп тазалыкка кам коруп келе жатасынар. Жетекчиге жана иштегендерге ийгилик. Ош алга!
Нет аватара
pisatel
11:01, 29 декабря 2016
Все зависит от хозяйственности руководителя! город Ош действительно стал чистым городом! Заслуга руководства и коллектива "Тазалык"!Азаматсынар!
Нет аватара
finch
01:48, 29 декабря 2016
Молодцы!
Көп окулду
×