Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-февраль

При поддержке MegaCom

Баткенде 96 жаштагы ардагердин электр жарыгын кыркып кетишти (видео)

Turmush -  Баткен районунун Паскы-Арык айылындагы 96 жаштагы ардагер Мамат Исмановдун электр жарыгын электриктер белгисиз себептен улам өчүрүп кетишти. Бул тууралуу ардагердин уулу Нурдин Исманов билдирди.

Анын айтымында, 22-декабрдан тартып электриктер келип, үйдө электр тогу уурдалып жатат деген айып менен 20 миң сом айып пул салган. Алар үй ээси акт менен таанышуудан баш тартты дешип, Нурдин Исмановдун атынан өздөрү кол коюшкан.

«Мага эч кандай акт туурасында кагаз келген жок. 22-декабрь күнү текшерүүчү келип, электр жарыгына болгон бир айлык төлөм 1200 сом экенин айткан. Аны төлөгөм. Менде ар бир айда төлөнгөн дүмүрчөктөр (квитанция) бар. Бирок, текшерип келген бала ууру токту пайдаланасыңар деп үйүмдү тинтүүгө өттү.

Мен ууру ток жок экенин, алардын эсептегичти гана текшерүүгө акысы бар экенин айтып жаттым. Бирок ал электрик агрессивдүү сөздөрү менен коркутуп сүйлөп жатты. Кийин эле мага «акт түзүлдү 20 миң сом айып пул төлөйсүз, буга өзүңүз кол койгонсуз» деп келишти. Мен алар жазган акт тууралуу такыр маалыматым жок эле. Менсиз эле «баш тарттым» деп кол тамга коюп коюшуптур», - деди ал.

Ардагердин үйүнүн электр жарыгын кечээ, 28-декабрда эртең менен электриктер келип кыркып кетишкен. Ардагер буга нааразы экендигин билдирди.

«Биз көргөн күндөрдү силер көрбөгүлө. Биз тынч эле жашап жатканыбызда эмне үчүн электрди өчүрүп кеткенин билбей калдык. Мага электр жарыгы суу менен абадай керек. Канчалык күнүм калганын билбейм. Бирок бул кылгандары мага жакпай жатат. Же бул жаңы жылдык белегиби?

Өзүм эшикке чыга албайм, дааратканам да үйдүн ичинде. Биз учурунда танктар менен атышып, Калининградда жүргөнбүз. 3 бир тууган кетип, бир өзүм кайтып келгем», - деди ардагер.

Нурдин Исманов атасы Самаркендек айыл өкмөтүндөгү согуштун жалгыз ардагери экенин белгиледи.

«Бизге тынч жашоону тартуулоо үчүн күрөшкөн ардагерлерге мындай мамиле кылган туура эмес деп ойлойм. Алар мыйзамсыз актыга кол коюп, токту үзүп салгандыгы үчүн жооп бериши керек. 4 күндөн бери өчүрөбүз деп ар кандай шылтоолорду айтып жүрүп, акыры жарыкты өчүрүп кетишти. Эгер мен ууру ток пайдалансам токтун акысы 1200 сом болмок эмес», - деди уулу Нурдин Исманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14699
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Tungus
12:50, 29 декабря 2016
Nissan-SHE
Думаю так нельзя было поступать. Надо было внимательно разобраться в ситуации.
Нет аватара
Nissan-SHE
11:47, 29 декабря 2016
Кудайдан коркпогон немелер го булар, сыягы.
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×