
Turmush - «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоого катышар же катышпасын анын партиясы чечет. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Ө.Бабанов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.
«Президенттик шайлоого катышуу боюнча маселени партия менен кеңешип чечим кабыл алабыз», - деди депутат.
Анын айтымында, партиялаштар бул маселени январь-февраль айларында карайт.
Кыргыз Республикасынын жаңы президентин шайлоо 2017-жылы өтөт. Шайлоо күз айларына белгилениши мүмкүн.