Бөлүмдөр
Жума, 20-январь

При поддержке MegaCom

Таластагы фитосанитардык лаборатория жакында ачылат (фото)

Turmush -  Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораторияны оңдоп-түздөө иштери аяктап жатат. Бул тууралуу Кара-Буура районунун айыл чарбаны өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Самар Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, Таласта өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатууда тоскоолдуктар жаралбашы үчүн Кызыл-Адыр айылындагы эскилиги жеткен имаратты оңдоп-түздөп фитосанитардык лаборатория ачуу иштери башталган.

«Октябрь айында башталган оңдоо иштерин 18 адам аткарган. Курулуш иштерине 6 млн 689 миң сом сарпталган. Оңдоо иштери жаңы жылга чейин бүтөт. Эми ичиндеги жабдуулар, эмеректер келсе ачылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1057
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат