При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 24-март

Баткен шаардык кеңешинин төрагасы болуп А.Ташбеков шайланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 28-декабрда Баткен шаардык кеңешинин төрагасы шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, төрага жашыруун добуш берүү менен 4 жылга шайланат. Төрагалыкка КСДП партиясынан шаардык кеңештин буга чейинки төрагасы — 61 жаштагы Эркин Рахматов менен «Жаңы доор» саясий партиясынан 42 жаштагы Алмазбек Ташбеков ат салышты.

(Алмазбек Ташбеков)

F 3

F 4

(Эркин Рахатов)

Жыйынтыгында Эркин Рахматов 13 добуш алса, Алмазбек Ташбеков 17 добуш менен төрага болуп шайланды. Экөөнө тең каршы 1 добуш берилген. Ал эми шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлыгына ачык добуш берүү менен «Республика — Ата Журт» партиясынан Мавлян Дубанаев шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1881
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×