Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусу, Талас 27.12.2016 16:16 Жаңыланды: 10.01.2019 16:05 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Армрестлинг боюнча 4 жолку чемпион Б.Байдыралиевдин сүрөттөрү чет өлкөлөргө чейин сатылат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 48 жаштагы тургуну Бактыбек Байдыралиев тарткан сүрөттөргө чет өлкөлөргө чейин сатылат. Аймактагы кабарчы сүрөтчүдөн кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Калба айылында төрөлгөн. 1988-жылы мектепти аяктаган соң Сүймөнкул Чокморов атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, 1991-жылы аяктаган. 25 жылдан бери сүрөтчүлүк өнөрдү аркалап келет. Тарткан эмгектери 9 миң сомдон 35 миң сомго чейин сатылат.

«Биздин үй-бүлө кол өнөрчүлүкө жакынбыз. Чоң атам колунан баары келген уста киши болон экен. Өзүмдүн апам дагы аялзаттына таандык бардык жумуштарды эби менен иштеген, тон бычып, шырдак шырыган уз аял болгон.Апамдын жасаган иштерин көрүп, шырдакка оюу түшүрүп жардам берип калчумун. Мен ошолорду көрүп таасирлендим окшойт. Сүрөт тартууга кичинемден кызыгып, Сүймөнкул Чокморов дой сүрөтчү болом деп кыялданчумун.

Алгач мектепте окуп жүргөндө сүрөт тарта баштадым. Мектепти аяктаган соң ата-энем мага ар түрлүү кесиптерди сунушташты. Бирок менин кыялым сүрөтчү болуу эле. Ата-энемди укпай, Фрунзе шаарына барып, сүрөтчүлүкө тапшырып окуп баштадым. Ал жактан өзүмө керектүү көп тажырыйба топтодум. Окууну аяктаган соң өзүбүздүн айылдагы Калба орто мектебине сүрөт мугалим болуп орноштум. Балдар менен иштөө кызыктуу. Ар бир баланын ой жүгүртүүсү ар башка, андыктан ар кандай жанрда сүрөт тартылат. Бирок ал жерде 4 жыл иштегенден кийин айлык маянанын аздыгынан улам жумуштан чыгууга туура келди», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле эмгектери Россияга, Казакстанга чейин сатыла турганын кошумчалады.

«Мага чет мамлекеттен буйрутмалар келип турат. Коңшу Казакстан, Москва менен 1 жылдан бери келишимим бар. Ар бир сүрөттүбүз көлөмүнө жараша бааланып, 100 доллардан жогору сатылат. Аларга биздин сүрөттөр жаратылышыбыз менен жагып турат деп ойлойм. Жакында эле Кытайдан да келип, 4 сүрөт алып, кетишти.

2 уул, 1 кызым бар. Улуу балам жыгачтан көп нерселерди жасайт. Аны көрүп менин жолумду улантабы деп ойлоп кубанып, калам», - деди сүрөтчү.

Бактыбек Байдыралиев сүрөтчүлүктөн тышкары спорттун кол күрөш түрү (армрестлинг) менен алектенет. Кол күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону болгон. Казакстанда өткөн Азия оюндарында кол күрөштөн алтын медаль, Өзбекстандагы оюнда күмүш медаль утуп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×