При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 24-март

Президент аскер сотторун жоюу боюнча мыйзамга кол койду

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабыл алынган конституциялык мыйзам сот түзүлүшүн реформалоого багытталган. Анда, Кыргыз Республикасынын аскер сотторун жоюу жагы да каралган. Ошондой эле, кабыл алынган конституциялык мыйзам боюнча иштеп жаткан «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамынын аскер сотторунун судьяларынын кызматтык окладдарына аскердик наамы үчүн кошумча төлөмдөрдү жөнгө салган 10-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылган.

Иштеп жаткан мыйзамга бул түзөтүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы аскер сотторунун жана аскер судьяларынын кызматтарынын жоюлушунан улам келип чыккан.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1269
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×