Бөлүмдөр
Жума, 20-январь

При поддержке MegaCom

Жайылдын мал базарындагы эң чоң бука 90 миң сомго сатылды (фото)

Turmush -  Кечээ, 25-декабрда Жайыл районундагы мал базарга алынып келген эң чоң бука 90 миң сомго сатылды.

Буканын ээси Мирландын айтымында, «Борька» деп аталган бул бука 3 жашта. Аны Кант шаарынан алып келген. Бука голландиялык породадагы буканын уруктугунан жасалма жол менен төрөлгөн. Салмагы 430-440 кг жеткен буканы ээси 110 миң сомго баалады.

Акыры «Борька» 90 миң сомго сатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1156
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат