Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ош

Ноокаттагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратын өкмөт башчы ачты (фото)

Turmush -  Ноокат аймактык ооруканасынын чоңдордун жугуштуу оорулар бөлүмү жаңы имаратка ээ болуп, бүгүн, 24-декабрда пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров катышты, деп билдирди кабарчы.

Ноокат аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Мариповдун айтымында, оорукана заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

«Оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1966-жылы курулуп, жараксыз абалга келип калган. Акыры комиссиядан өтпөй калгандыктан курулуш планына киргизилген. Имарат 37 млн сомго курулуп, 6 млн сомго заманбап жабдуулар менен жабдылды. 45 орунга ылайыкталган оорукана 270 миң калкты тейлейт. Бейтаптарды кабыл алууга да атайын эшиктер коюлду», - деди А.Марипов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11717
Көп окулду
×