При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: 16 жаштагы мушкер Ш.Замирбек уулу 39 медалдын ээси (фото)

Turmush -  16 жаштагы Замирбек уулу Шабдан 7-классынан тартып спорт менен машыгып келет. Ал аз убакыттын ичинде 22 алтын, 9 күмүш жана 8 коло медалдын ээси болду. Жаш спортчунун бул ийгиликтери менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Шабдан апасынын каршы чыкканына карабай тай боксу менен машыгып баштаган.

«Биздин мектепке тай боксу боюнча курс ачылып калды. Спорттун бул түрү мага жагып, машыгып баштадым. Алгач өзүмдүн курдаштарым менен беттешип, токмок жеп калчумун. Андан улам апам машыгууга каршы чыкты. Анын каршы чыкканына карабай көгөрүп машыктым. Ошентип тырышып отуруп чоң мелдештерге чыктым. Кээде утулуп калсам, кээде 3-орунду алып келчүмүн. 2014-жылдан тартып спортто биринчи ийгиликтерди жаратып баштадым.

Аракет кылсаң берекет дегендей, үзүрлүү эмгек менен ийгиликтерге жетип жатабыз. Албетте, башында көп кыйынчылыктар болот, ага чыдаш керек. Азыр менде 22 алтын, 9 күмүш жана 8 коло медаль бар», - деди жаш спортчу.

Шабдан 2015-жылы тай боксу боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн дүйнөлүк чемпиондук мелдеште 2-орунду, Кемин районунда Апас Сатаевдин жаркын элесине арналган мелдеште 1-орунду багындырган. Ошондой эле, бирман боксу, кикбоксинг, муай тай боксу боюнча Борбор Азияда жана Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн көптөгөн мелдештерге чыгып, алдыңкы орундарды ээлеген. Жаш спортчунун дүйнөлүк олимпиадаларга катышып, биринчиликти багындырсам деген аруу тилектери бар.

«Мушкер таякем бар. Бөлө карындаштарым тай бокска кызыгышат. Алар чоңойгондо сиздей спортчу болобуз дешет. Атам Россияга иштегени кеткен. Апам менин тандоомду түшүнүп, колдоп турат», - деди мушкер.

Замирбек уулу Шабдан Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда 2000-жылы төрөлгөн. Бишкектеги №69 гимназияда 9-класска чейин билим алып, учурда архитектура жана курулуш колледжинин студенти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3347
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу