Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: К.Кусобаева 30 жылдан бери кран башкарат (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунун тургуну Калбү Кусобаева 30 жылдан бери оор техникалардын бири болгон кранды башкарып келет. Агасынын сунушу менен кран башкаруу боюнча билим алган каарманыбыз өз кесибин сүйгөндөрдүн катарын толуктайт.

Аял киши экенине карабай эркектерден кем калышпай иштеп жаткан К.Кусобаева жаштайынан эле техникага кызыкчу.

«Менин атам, агам трактор айдагандыктан, техникага жакын болуп чоңойдум. Мектепти аяктагандан кийин мурунку Фрунзе шаарына барып, тигүүчүлүктү үйрөнүүнү пландагам. Бирок, агам мага жакшы кесип тандап койгонун айтып, кран башкарууну үйрөтүүчү кесиптик окуу жайга алып брады. Ал жерде 10 ай окуп, кран башкаруучу болуп чыктым. 1985-жылы Ош шаарына келип, ишканага жумушка кирдим. 30 жылдан бери ушул жерде кранчы болуп иштеп келе жатам». - деди К.Кусобаева.

Ал эмгектенген ишкана көп кабаттуу үйлөрдү курууга бетон плиталарды чыгарат. Калбү айым плиталарды кран менен бир орундан экинчи орунга жылдырып берет.

«Ар бир иштин өзүнө жараша түйшүгү болот. Менин ишим тактыкты талап кылат. Жүктү ордунан жылдырып жатканда көзүбүздү албайбыз. Кесиптештерим менен түштөнүүдө гана көрүшпөсөк, башка убакта баарлашууга деле убакыт болбойт. Ишибиз эртең мененки саат 8де башталат. Мен ушул кесипти тандаганыма сыймыктанам», - деди К.Кусобаева.