Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Айыл турмушу: Халит ата менен Сагира апа Россияга көнө албай, Баткенге кайтып келип жашап жатышат (фото)

Turmush -  Халит Нургалиев 1933-жылы Татарстандан Кызыл-Кыя шаарына көчүп келип жашап калган. Аймактык кабарчы ардагерден кабар алды.

12

Анын айтымында, учурда жубайы Сагира Габдырахманова менен чогуу жашайт. Бала кезинде кыргыз тилиндеги мектептен билим алган. Эмгек жолунда жөнөкөй жумушчудан тарта «Алай» унаа куруу заводунда директордун орун басары кызматына чейин жеткен. Биринчи жубайы 1963-жылы каза болуп, экинчи жолу Сагира Габдырахмановага үйлөнгөн.

13

Байбичеси Сагира апа экөө тең кыргыз, тажик, орус, өзбек, татар тилдеринде сүйлөй алышат. Бир топ жыл мурда уулу Наилдин чакыруусу менен Самара шаарына көчүп барышкан. Бирок, экөө тең көнө албай, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен.

Учурда Халит ата менен Сагира апа Кызыл-Кыянын ардагер тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9094
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу