Turmush - Таш-Көмүрдө шахтанын урандысында калып, 11 сааттан кийин аман куткарылган Дайырбек Байышкуловдун абалы жакшы. Ал дарыланып жаткан ооруканага Turmush басылмасынын кабарчысы барып келди.
Дайырбектин айтымында, окуя болгон күнү ал көмүр казууга чыккан. Көмүр казып жатканда майда таш аралашкан топурак түшүп, мойнуна чейин жеткен. Мындай абалда бир саатка чейин туруп, эс-учун жоготкон. Дайырбек тикесинен турган абалда 11 саат бою топурак алдында калган. Анын үстүндө чоң таш болгондуктан сүрүлгөн топурак басып калган эмес. Топурак алдында калган учурда үч-төрт жолу өзүнө келип, кайра эс-учун жоготкон. Түнкү саат 23:15те издөө-куткаруу иштерин улантып жаткан куткаруучулар анын кобураган үнүн угуп, издөө иштерин катуулатышкан.
Д.Байышкулов
«Өзүмө келсем адамдардын кыймылы угулду. Үн чыгарууга аракет кылдым. Ал күнү мен көмүр казып жаткам, артымда үч адам бар болчу. Бир учурда артыма карап бурулганча топурак басып калды. Мен тикемден ташка сүйөнүп туруп калдым. Ал учурда жылууга эмес, кыймылдаганга мүмкүн болгон жок. Бир сааттай тургандан кийин аба жетпей, өзүмдү жоготуп койдум. Бир учурда өзүмө келип, үнүмдү чыгарууга аракет кылдым. Ошол учурда үнүмдү байкаган куткаруучулар куткарып алышты. Топурактын алдында калганда аба жетпей кыйналып жаттым. Мени куткарып калгандарга чоң рахмат айтам», - деди Д.Байышкулов.
Ал 2 кыз, 1 уулдун атасы.
Окуя 16-декабрда саат 12:00 чамасында Таш-Көмүр шаарындагы Север шахтасында болгон. Шахтанын алдында 4 адам калып, алардын экөө аман куткарылды. Куткарууучулар саат 15:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Ч.Б. жана Аксы районунун Райкомол айылынын тургуну У.Н.нын жансыз денесин табышкан. Аман куткарылгандардын бири — Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну К.Д. урандынын алдынан 2 сааттан ашык убакыттан кийин чыгарылган.
Төрт жарандын урандылардын алдында калганын Берикбай аттуу жергиликтүү тургун байкап калып, жашоочуларды чакырган. Куткаруучулар келгенге чейин жергиликтүү тургундар куткаруу иштерин башташкан.
Урандынын алдынан биринчи адамды таап чыккан маалда экинчи адамдын үнү чыккан, бирок аны тирүү куткарууга мүмкүн болгон эмес. Экинчи, үчүнчү адамдын сөөгү табылгандан кийин төртүнчүсүн издөө иштери көп кыйынчылыктарды туудурган.
Куткаруучулар биринчи куткарылган жабырлануучу өзүнө келгенден кийин жанындагы адамдар 3-4 метр ары жакта, сол тарапта болгонун билишкен. Анын айтуусу менен издөө иштери улантылган.
Шахтанын алдында калып куткарылгандар менен алардын үй-бүлөсү издөө-куткаруу иштерин активдүү жүргүзгөн куткаруучуларга, тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирет.
Мурда маалымдалгандай, шахтанын урандысында калып, аман куткарылган адамдардан Жалал-Абад облусунун жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев кабар алды.
Облус жетекчиси Таш-Көмүр шаарынын мэрине жабырлануучуларга материалдык жардам көрсөтүүнү табыштады.