Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-февраль

При поддержке MegaCom

Ак-Талаа районунда акыркы 4 жылда 8 балык чарба уюштурулду (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунда акыркы 4 жыл ичинде донордук уюмдардын колдоосу жана жеке ишкерлердин кызыгуусу менен 8 балык чарбасы уюштурулду. Бул тууралуу райондук жетекчиликтен билдиришти.

Ак-Чий айылында 8 миң даана көк чаар балык өстүрүлүп жатат. Чарбаны Жалил Саалиев жетектейт.

Коңорчок айылында Таалайбек Боталиев жетектеген чарбада 40 миң даана түстүү көк чаар балык өстүрүлүүдө.

Бактыбек Эсенгулов Үгүт айылында 5 миң даана балык багууда.

Кара-Бүргөн айылында 10 миң даана балык өсүп жатат.

Ак-Тал айылында Каныбек Абылов жетектеген чарбада 10 миң даана балык бар.

Чолок-Кайың айылында 18 миң даана көк чаар балык, 6 миң даана карп түркүмүндөгү балыктар багылып жатат. Чарбаны Кайрат Кылычбеков жетектейт.

Кылыч Исамамбетов Баетов айылынын Түлкү-Сарай аймагында 25 миң даана көк чаар балык багууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1470
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Эң кызыктуу
×