Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

Жаш талант: Миллиондогон адамдарды таң калтырган Арлан 5 жашында 4-класстын математикасын үйрөндү (видео)

Turmush -  Мындан 2 жыл мурун интернетте 2 жаш 9 айлык баланын кыргыз, орус жана англис тилдеринде санап жаткан видеосу кызуу талкууну жараткан.

Ал кыргыз же казак болушу мүмкүн деген божомолдор көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан эле. Арадан көп өтпөй жаш интернет жылдызы математикалык жадыбалды так айтканы да интернетке жүктөлүп, кыргыз экени белгилүү болгон. Ал учурда 5 жашта. Акылдуу бала аталган Арлан жана анын апасы менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Апасы Назира Дүйшеева 35 жашта. Учурда коңшу өлкөдө банктардын биринде иштейт. Ошондой эле, жаш балдарга чет тилинен кошумча билим берүүнү пландап жатат.

«Жолдошум экөөбүз интернет аркылуу таанышып баш кошконбуз. Менин жумушум Казакстанда болгондуктан көп жылдардан бери Алматада жашайм. Турмушка чыккандан кийин деле жолдошум экөөбүз жумуш ордубузду алмаштырбай, Алматада калдык. Арлан биздин жалгыз балабыз. Бир жашка чыга элек кезинде эле түрдүү китептерди окуп берип, сүрөттөр аркылуу табышмактарды көрсөтчүбүз. Ошондо эле эсепке так болчу.

Баланы тарбиялоо үчүн кыйкырып же коркутуунун кереги жок. Мээрим төгүп, сүйүү менен карап, акырын чыккан үн менен тарбиялоо керек. Балдарга сүйүү жана көңүл буруу абдан маанилүү. Бул абдан жөнөкөй. Көпчүлүк адамдар балдарын бир урушуп, кайра эле эркелетип, жакшы көрө турганын балага көрсөтөт. 4-5 жашка чейин аларга кыйкыруунун кереги жок. Башынан баштап эле акырын сүйлөп, мээримге бөлөп бакса жаш бала бир калыпта өсөт.

Арлан ымыркай кезинен эле оюнчуктарга эмес китептерге кызыкчу. Оюнчуктар менен ойнобой, китептерди карап отурганды жакшы көрчү», - деди апасы.

Алгач Арланды туугандарына көрсөтүү үчүн гана видеого тартышкан. Ал видео белгисиз адамдар тарабынан интернетке жүктөлүп, аз убакытта көрүүчүлөрдүн саны миллиондон ашкан.

Арландын так илимдерге кызыгуусуна апасынын кесиби себепкер болгон. Ошондой эле, чоң апасы балдар китепканасынын директору болгондуктан андагы китептерди колдонууга кенен мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Арлан 2,5 жашында кыргыз тилиндеги тамгаларды толук жаттап бүткөн.

«Балам учурда мамлекеттик бала бакчалардын бирине барат. Келечегине кам көрүп, мектепке даярдап жатабыз. Даярдыгы жакшы. Күчтүү мектептерди караштырып жатабыз. Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда. Балам эл үчүн кызмат кылган билимдүү адам болсун деп тилейбиз», - деди Н.Дүйшеева.

Алгачкы видео:

 Арлан Керимов мектепке бара элек болсо да башталгыч класстардын окуу программасы менен тааныш. Учурда 3-4-класстарга математика сабагынан үйрөтүлүүчү мисалдарды эркин чыгара алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
ukushka
20:04, 15 декабря 2016
Омурлуу бол ширин бала. Бала тили бал деген ушу да. Абдан популярдуу болгон эле бул бала одноклассники сайтында. Копчулук куткон бул тууралуу маалыматты. Азаматсынар! Конулду котордунор @}->--
Эң кызыктуу
×