При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 24-март

Баткендеги ишкерлер Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыяларды ала албай жатышат

Turmush -  Баткен облусундагы ишкерлер Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан ишкердикти колдоо багытында берилип жаткан насыяларды ала албай жатышат. Бул тууралуу Баткен облусундагы ишкерлер биримдигинин төрагасы Авазбек Чотбаев билдирди.   

(А.Чотбаев)

 3

Анын айтымында, мунун айынан аймакта ири өнөр жай ишканаларды куруу боюнча бир катар сунушталган долбоорлор мамлекет тарабынан колдоого алынбай жатат.

Ал эми РСК банктын насыя бөлүмүнүн адиси Нурбек Сапаров ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программага Баткен облусу боюнча 3 кишиден гана арыз түшкөнүн, анын бири жазган арызынан баш тартканын белгиледи.

2

(Н.Сапаров)

Анын айтымында, 2016-жылга карата Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан Баткен облусуна 14 млн сом бөлүнгөн.

«Бул жылы атайын ишкерлерди колдоо программасына 3 ишкер арыз менен кайрылган. Алардын бири арызынан баш тартып, 2 ишкер 3 млн 650 миң сом алган.

Ал эми 2015-жылы 4 ишкер 16 млн 500 миң сом акча алышкан. Кардарлардын насыянын шарттарына туура келбей калган маселелерин фонд жана өзүбүздүн башкы кеңседеги кызматкерлер менен чечебиз», - деди Сапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1244
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×