При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Бишкектик уста Р.Курбанов 3 унаанын тетиктеринен эксклюзивдүү «Багги» курап, аны 5 миң долларга баалады (фото)

Turmush -  Бишкек шаарынын 45 жаштагы тургуну Рустам Курбанов «Нива», «КИА Спортейдж» жана «Форд Cиерра» үлгүсүндөгү унаалардын тетиктеринен «Багги» унаасын курап, аны 5 миң долларга сатууну пландоодо. Turmush басылмасынын кабарчысы чебер уста Рустам Курбановдун бул эмгеги менен таанышып кайтты.

«Бул «Багги» автоунаасын 4 жылда курап чыктым. Мотору «КИА Спортейдж» үлгүсүндөгү унааныкы. Ал эми жүрүүчү бөлүгү «Нива» унаасыныкына тиешелүү. Коробкасын «Форд Сиерра» унаасынан алдым. Жалпы чыгым 10 миң долларды түздү. Ал убакта доллардын курсу төмөн болчу», - деди ал.

Р.Курбанов жаңы кураштырган унаасын 5 миң долларга сатууну же ушул баадагы унаага алмашууну пландоодо.

«Мындай «Багги» жана башка автоунааларды жасоого бала кезден кызыгам. Ал убакта досторубуз болуп «Картинг» унаасын жасаганбыз. Унаа кураштырганды бизге атам үйрөткөн» - деди уста.

Ошондой эле, анын Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында «Багги» талаасы бар.

«Чолпон-Атадагы «Багги» талаамды жайында эле иштетем. Бир айлампа жол 2 кишиге 500 сом болот. Айлампанын узуну 2 чакырымды түзөт», - дейт ал.

Р.Курбанов Бишкек шаарында 1971-жылы төрөлгөн. Атасы уйгур улутунан, апасы кыргыз кызы. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6853
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:07,   21.08.2017   ( 7 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу