При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Бишкектеги инвестициялык форумга Ысык-Көлдөн 45 ишкер катышууда (фото)

Turmush -  Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарында өтүп жаткан «Bishkek Investment Forum - BIF 2016» аталышындагы форумга Ысык-Көл облусунан 45 ишкер катышууда. Бул тууралуу ишкерлер билдиришти.

Форумдун алкагында ишкерлер менен инвесторлор жолугушууда.

Маалыматка караганда, Кыргызстандан 250дөн ашуун бизнес долбоор келип түшкөн. Анын ичинен перспективдүү делген 60 долбоор тандалып, тизмеге киргизилди. Анын 14ү аталган форумда инвесторлорго сунушталат.

Алардын арасында уникалдуу кара жыгачтан жогорку сапаттагы паркет жасоо, таштарды чогултуп, сорттой турган база куруу, чек аралык соода долбоору, жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө эт азыктарын жеткирүү сыяктуу долбоорлор бар.

Форумга Ысык-Көлдөн 45 ишкер катышууда. Алар тарабынан 10го жакын долбоор сунушталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1341
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×