При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-март

Иранда акча бирдиги «туман» болуп өзгөрөт

Turmush -  Ирандын бийлиги улуттук валютанын атылышын өзгөртөт. Бул тууралуу Associated Press IRNA мамлекеттик агенттигине шилтеме берип билдирди.

Ирандын президенти Хасан Роухани төрагалык кылган министрлер кеңеши кечээ, 7-декабрдагы жыйында акча тууралуу реформанын алкагында улуттук валютанын мурунку «туман» аталышын алып келүү сунушун жактырды.

Персиянын акча бирдиги XVII кылымдан 1932-жылга чейин туман деп аталып келген. Кийин өлкөдө акча реформасы жүрүп, бир туман 10 риалды түзгөн. 1945-жылы Ирандын Борбордук банкы улуттук валютаны америкалык долларга теңеп, 1 доллар 32,25 риалга бааланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1392
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×