При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 29-апрель

Чоң-Алайдагы дыйкандар картошканы чет өлкөлөргө сатып жатат

Turmush -  Чоң-Алай районундагы дыйкандар былтыр чыгымга учураганына карабай, быйыл картошканы өткөн жылга салыштырмалуу 100 гектар жерге көп эгишти. Бул тууралуу аталган райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Муса Исраилов билдирди.

Анын айтымында, быйыл 1451 гектар жерге картошка эгилди.

«Биздин район тоолуу болгондуктан жашылча-жемиш өспөйт. Дыйкандардын басымдуу бөлүгү картошка, арпа, буудай эгишет. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу картошка 100 гектар аянтка көп эгилди. Жалпы район боюнча 22 миң 200 тонна картошка өндүрүлдү. Учурда дыйкандар картошканы өлкөнүн түштүк аймагына, Тажикстан, Өзбекстанга экспорттоп жатат», - деди ал.

Быйыл картошканын 1 кг 16-18 сомдон сатылууда. Былтыр картошка 5 сомдон сатылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1453
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×