Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук Ж.Исмаилов Москвада көчө шыпыргыч болуп иштеп жүрүп үй куруп, унаа алды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Майлы-Суу айылынын 44 жаштагы тургуну Жээнбек Исмаилов Москвада 2 жыл көчө шыпыргыч болуп иштеп, айылына үй салып, унаа алды. Аймактык кабарчы мигрант мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Россияда мигранттарды алдап кеткендер да бар.

«Москвага келип көчө шыпыргыч болуп иштеп келе жатканыма 2 жылдай болуп калды. Жумуш эртең менен саат 7:00дө башталып, түшкү 13:00дө бүтөт. Күнүнө 700 рубль төлөп беришет. Башында кыйынчылыктар болду. Жумуш жок, ачка калган убактар эстен кетпейт. Бирок ал кыйынчылыктарды жеңдик. Бул жактан сарамжалдуу, түз жүргөн, өзүнө тың адам гана бутунан туруп кетет. Бирок учурда бул жакта деле иш табуу кыйын болуп калды. Агылып келген мигранттар да көбөйдү. Ошондон пайдаланып "иш таап берем" деп акча алып, алдап кеткендер да жок эмес», - деди ал.

Мекендешибиз 2 жылда топтогон акчасына айылына үй салып, унаа алууга жетишти.

«Айылга үй салдым. Алдымда унаам бар. Буюрса мекениме жакында барам. Өз жериме барып эле иштесем деп ойлонуп жатам», - деди ал.

Ж.Исмаилов үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9260
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу