Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Кара-Буурада мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Аяр жан» борбору ачылды

Turmush -  Кечээ, 2-декабрда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Аяр жан» калыбына келтирүү күндүзгү борбору ачылды.

Кара-Буура районунун акиминин орун басары Салкын Карбозованын айтымында, борборго «Бакубат Талас» фонду тарабынан 280 миң сомдук сертификат ыйгарылды. Аталган борбор 2015-жылдын август айынан баштап уюштурула баштаган. Борбордун ачылышына жалпы 467750 сом сарпталып, 30 орунга ылайыкташтырылды. Имарат 8 бөлмөдөн турат. Бүгүнкү күндө борбордо социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан саат 10:00дон 12:00го чейин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга консультативдик жардамдар көрсөтүлөт.

Талас облусу боюнча 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 1403 бала болсо, анын ичинен 784 бала мектептерде окушат. 424 бала мектеп жашына чейинки балдар болуп эсептелинет. Ал эми Кара-Буура району боюнча 18 жашка чейинки 301 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турат.

Салтанаттуу иш-чарага облус жетекчиси Даир Кенекеев жана айылдын эли катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7097
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×