Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Нарындык ветеринар М.Ибраев малды операция жолу менен туудурат (видео)

Turmush -  Нарын шаарындагы 58 жаштагы ветеринар Мукамбет Ибраев тууй албай калган малды операция жасап туудурат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын иши менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1981-жылы Нарын шаарындагы айыл чарба техникумун бүтүрүп, Жан-Булак айыл өкмөтүндө ветеринар болуп иштеп баштаган. Кийин билимин жогорулатуу үчүн Россиянын Иркутск шаарынан окуп келген.

«Малдар тууй албай калган учурда операция жасап жатам. Билгенимди жаш балдарга, айыл чарба техникумунун студенттерине дагы үйрөтүүгө аракет кылам. Өзүмдүн уулум Ынтымак дагы ата жолун улап, быйыл айыл чарба техникумунун ветеринария факультетин аяктап, иштеп жатат. Мени менен бирге жүрүп өз алдынча операция жасоого үйрөнүп калды. Быйыл бооз уйга операция жасап, музоосу менен аман алып калды.

Тажрыйбаларымды жаш ветеринарлар менен бөлүшүп, акыл-насаатымды айтып турам», - деди ал.

М.Ибраев жандыктарды да операция жолу менен туудурат.

«Операция көбүнчө майда жандыктар менен уйларга жасалып жатат. Жалпы 20га жакын уйду операция аркылуу музоолору менен сактап калууга жетиштик. Кээде малдын ээлери кеч кайрылып, музоолору уйдун ичинен өлүп калгандыктан сактай албай калабыз. Нарындын Орто-Саз айылынан операция жолу менен төөнүн ичинде өлүп калган ботосун алдык.

Бир уйду операция кылуу 2 саатка созулат. Көбүнчө операцияны айылдарда, жайлоолордо жасагандыктан сүрөткө, видеого тартылбай калат», - деди Ибраев.

Ветеринар буга катар эле өкмөт тараптан колдоо болбой жатканын белгиледи.

«Малга операция жасап, райондук мекемелердин жетекчилерине отчет берсем дагы "операция жасап жатыптырсыз, рахмат" деп айтканга жарашкан жок. Эң башкысы элге кызмат кылгым келет», - деди ал.

Ветеринар малга операция жасоодо наркоз колдонуп, санитардык-гигиеналык эрежени сактайт. Операция бүткөндөн кийин тиешелүү каражаттар менен жууп-тазалайт. Операциянын акысын атайын белгилебей, мал ээси берген каражатты алат. Айрым оор операцияларды 3 миң сомго чейин жасайт.

Мукамбет Ибраев 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11681
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×