При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-июнь
68.6    76.44    1.14    KZT 0.21

Айыл турмушу: Суусамырдагы аңчы Ж.Тажидинов карышкырдын дөбөтүн тирүү кармады (видео)

Turmush -  Суусамырдын 36 жаштагы тургуну Жанболот Тажидинов карышкырды тирүүлөй кармады. Аймактык кабарчы аңчыдан кабар алды.

Анын айтымында, карышкырдын дөбөтүн кечээ, 29-ноябрда саат 15:30 чамасында кармаган.

«Мен 10 жылдан бери эле карышкырларга капкан салам. Кечээ тоонун башында капкандарымды карап жүрүп төмөн жакта жүргөн карышкырды көрүп калдым. Мылтык менен атып ылдый кубаладым. Качып келе жатып жолуна салынган биринчи капкандан секирип өтүп кетти. Ары барып экинчи капканга бутунан чабылып түшүп калды. Капканды сүйрөп токойго кирип кетти. Артынан барып токойдон алып чыктым. Азыр тирүү эшиктин алдында байланып жатат», - деди ал.

Аңчы карышкырды сата тургандыгын белгиледи.

«Былтыр дагы 2 карышкырды тирүү кармап, досторума бирисин 15 миң сомго, экинчисин 20 миң сомго саткам», - деди ал.

Ж.Тажидинов буга катар эле быйыл Суусамырда карышкыр күч болуп малга көп кол салып жаткандыгын, бирок мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилбей тургандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8268
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×