При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Талас облусу быйыл 2087,4 млн сомдук продукция экспорттоду

Turmush -  Талас облусунда 2016-жылдын 10 айында экспорттун көлөмү 2087,4 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1206,4 млн сомго көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казбек Медетбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2016-жылдын январь-сентябрь айларында Талас облусу дүйнөнүн 35 өлкөсү менен соода жүргүздү. Облустун продукцияларынын негизги керектөөчүлөрүнөн болгон Европа өлкөлөрүнүн ичинен Болгарияга 114,4 млн сомго, Босния жана Герцеговинага – 6,1 млн сомго, Германияга – 1,3 млн сомго, Грузияга – 55,8 млн сомго, Литвага -2,0 млн сомго, Македонияга - 50,2 млн сомго, Румынияга - 4,9 млн сомго, Сербияга - 166,7 млн сомго , Словенияга - 1,1 млн сомго, Черногорияга - 27,0 млн сомго продукциялар жөнөтүлдү.

Азия өлкөлөрүнүн ичинен Афганистанга – 1,2 млн сомго, Иракка – 4,7 млн сомго, Түркияга – 1053,0 млн сомго, Иранга - 19,1 млн сомго, Кытайга – 0,0173 млн сомго, Малайзияга – 0,041 млн сомго продукция жөнөтүлдү.

Экспорт боюнча облустун негизги өнөктөштөрү болгон КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Россияга – 122,7 млн сомго, Казакстанга – 14,0 млн сомго, Түркмөнстанга – 4,1 млн сомго, Беларусияга – 2,7 млн сомго, Молдовага – 3,0 млн сомго, Өзбекстанга – 431,1 млн сомго продукциялар жөнөтүлгөн.

Импорт 1386,3 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 457,6 млн сомго көбөйдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1983
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×