Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

«Салкын-Төрдөгү» фотокапканга түшкөн жаныбарлар: Аюунун мамалагы камералардын бирин чайнап салды (фото, видео)

Turmush -  Нарындагы «Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркына орнотулган фотокапкандар илимий иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүп жатат. Парктын жетекчилиги билдиргендей, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркына 5 даана фотокапкан орнотулган.

Фотокапкан аркылуу карышкыр, элик, теке, аюу жана түрдүү куштар сүрөткө тартылып калган. Жаратылыш паркынын кызматкерлери билдиргендей, ошондой эле камералардын бирин аюунун мамалагы чайнап жатканы видеого тартылып калган. Учурда «Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркында 9 даана фотокапкан бар. Ушул жылдын аягына чейин алардын санын көбөйтүү пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9001
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу