h Turmush: Баткендеги өрүк базары башка жерге жылдырылды (видео)

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 29-март

Баткендеги өрүк базары башка жерге жылдырылды (видео)

Turmush -  Баткен шаарындагы өрүк базары соода жүргүзүүгө ыңгайлуу жайга жылдырылды. Бул тууралуу Баткен облустук жана шаардык архитектуранын башчысы Кудайназар Эргешов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өрүк базары шаардын ортосунда жайгашып, жүргүнчүлөргө, унааларга ыңгайсыздык жаратып келген.

«Жаңы ачылган базарда керектүү шарттар түзүлүп, курулуштар жүргүзүлөт», - деди Эргешов.

Жаңы базарга келген соодагерлер унаа токтотуучу жана жаан-чачындан коргоочу жайларды куруп берүүнү суранууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1545
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×